"8-март күнү Борбордук Азиянын тарыхында биринчи жолу Кыргызстанда гейлердин митинги болуп өттү. Мындай бузукуларга өз маалында тийиштүү чара көрбөй, минтип унчукпай отурсак, Кыргызстан жакында Гейстанга айланып калат", - деди  депутат Жылдыз Мусабекова Жогорку Кеӊеш жыйынында.

 

«Башкалар башкача атаса атай беришсин, менимче, гейлердин митинги болду. Биздин ата-бабаларыбыздын каада-салтына доо кетти. Кыргыздар ансыз деле аз элбиз, эркектер эркектерге, аялдар аялдарга үйлөнүп отурса, анан кантип элибиздин саны көбөйөт? Мындай жосунга кимдер эмне үчүн жол берди? Укук коргоо органдары гейлердин митингин уюштургандар менен анын өтүшүнө жол бергендерди тезинен текшерип чыгып, анын жыйынтыгы тууралуу туура маалымат бериши керек», - деп белгиледи депутат.