Россия аймагына дары-дармекти мыйзамсыз алып кирген кыргызстандык  бир жылга эркинен ажыратылганын Россиянын Тергөө комитетинин Оренбург облусу боюнча тергөө башкармалыгынын расмий сайты жазды. 

 

Маалыматка караганда, 27 жаштагы кыргызгызстандык  Ибрахимжон Карим уулун  сот Россия Федерациясынын Кылмыш кодексинин 238-беренеси боюнча (Россия аймагына сатуу үчүн каттоодон өтпөгөн дары-дармектерди ири өлчөмдө мыйзамсыз алып кирүү)  айыптуу деп тапты. 

 

Анда айтылгандай, 2018-жылдын 28-ноябрында кыргызстандык жүк ташуучу унаа менен Акбулак районундагы мамлекеттик чегарадан гепатитке, вируска каршы таблеткаларды, мите инфекцияларын дарылоочу препараттарды алып кирген. Жүктүн жалпы наркы 2 млн. 200 миң рублга жеткен.