Кыргызстанда мындан ары мечиттердеги жума намаздары бир гана кыргыз жана орус тилдеринде болот. Бул тууралуу муфтияттан билдиришти.

 

Маалыматка караганда, муфтият өлкөнүн мечиттеринде жума намаздарды бир гана кыргыз, эгер зарыл болуп калса орус тилдеринде жүргүзүүгө жарлык чыгарган.

 

Муфтият белгилегендей, бул мамлекеттик тилди өнүктүрүүгө багытталган. Жарлык бир гана жума намаздарына багытталган.

 

Буга дейре маалымат каражаттарында Чүй облусунун казысы Александровка айылынын мечитинин имамын жума намазын дунган тилинде өткөргөнү үчүн урушканын жазышкан. Муфтият учурда бул маселени да иликтөөдө.