Каракол шаарында улгайган аял каза тапты. Ал үйүндө жалгыз жашагандыктан эч ким көрбөй, сөөгү бир жума жаткан.
Бул тууралуу Ысык-Көл ИИБинен билдиришти.
Маалыматка караганда, маркум 85 жашка келип каза тапкан. Коңшулары байбичени он күндөн бери көрбөй калышканына кабатырланышып, ӨКМ менен милиция чакырышкан. Учурда сөөк өлүкканага жеткирилди. Күч колдонуп өлтүрүүнүн белгилери табылган эмес, байбиче өз ажалы менен каза тапканы айтылууда.