Коомдук ишмер Дастан Сарыгулов “2016-2017-жылдардагы саясий репрессиянын себептери жана сабактары” аталыштагы жарандык форумга катышты. Ал анда абакка камалган учурунда кыйноого туш болгонун ачыктады.
“Мен темир тор артында 20 күн болдум. Улгайган адаммын, ар кайсы жерим ооруйт. Мага дары бербей коюшкан, жакындарым келсе жолуктурушчу эмес. Ушунун өзү кыйноо”, - деди Сарыгулов.
Айтымында, саясий репрессия дагы деле уланууда, бирок жашыруун формага өтүп алган.
Эске салсак, Сарыгулов бийликти күч менен басып алууга айыпталган. Аны төрт жылга шарттуу түрдө соттошкон. Ал жыйырма күн УКМКнын абагында кармалган.