Бул тууралуу Этно оюндардын Бүткүл Дүйнөлүк конференциясынын басма сөз кызматынан маалымдашкан. Анда айтылгандай, жаачы Асланайым Ашировага Эр-Риялд шаарындагы King Saud Medical City клиникасында бүгүн эртең менен операция жасалды.
Операция учурунда госпиталда уюштуруу комитетинин өкүлдөрү, кыргыз мамлекеттик циркинин жетекчилигинин өкүлү жана башкалар болушкан.
КР ТИМдин билдирүүсүнө ылайык, жаачыны дарылоого кеткен бардык чыгымдан этнофестивалдын уюштуруучулары тарабынан төлөнөт.
Эске салсак, буга чейин этно оюндардын Бүткүл дүйнөлүк конфедерациясынын өкүлү Айнура Темирбекова кырсыкка кабылганына Ашированын өзүн айыптаган. Ал жаачынын атка уруксатсыз мингенин айткан. Бирок, жаачы соцтармактагы баракчасы аркылуу Темирбекованын айтканын жокко чыгарды.