Казакстандын чегара кызматынын маалыматына караганда, казак-кыргыз чегарасында баңгизаттын ири партиясын алып өтүүгө кезектеги жолу аракет болгон.
7-мартта саат болжол менен 17.00 чамасында чегарачылардын атайын үйрөтүлгөн иттери Кыргызстандан Казакстандын аймагына өтүүгө жөө келаткан адамдардын арасындагы аялдан жыт алышкан. Кийинчерээк аныкталгандай, ал аял Кыргызстандын 1980-жылы туулган жараны жана уга, сүйлөй албайт. Текшерүү учурунда белбоосунун тегерегинде төрт полиэтилет пакетиндеги күңүрт-жашыл түстөгү өзгөчө жыты бар зат табылган. Экспертизанын жыйынтыгында, ал 4 кгдык наркотикалык зат болуп чыккан.
Чегарачылардын маалыматына караганда, жытты жок кылуу үчүн полиэтилет пакети менен азык пленкасынын ортосуна кызыл калемпир себеленген. Чегарачылардын ыкчам аракетинин натыйжасында заказ берген тарап аныкталып, ал Казакстандын 1962-жылы туулган жараны болуп чыккан. Ал кыргыз жаранына наркотикти белгиленген жерге алып келип берсе 20 миң сом берүүнү убадалаган. Аны менен бирге ал дудук аялдын жанында көзөмөлдөп келген.