Москва шаарында кыргызстандык таксист сүзүп, алган жараатынан  каза тапкан эки жаран тең кыргызстандык болуп чыгышты.   Бул тууралуу Кыргызстандын Россиядагы элчилиги билдирди.

 

Маалыматка караганда, жол кырсыгы 8-март күнү күндүз катталган. Таксист рулду башкара албай калып,  электр мамысын сүзгөнү айтылууда. Кырсыктан жабыркагандардын бири 28, экинчиси 30 жашта экени аныкталды. Маркумдардын сөөгү Кыргызстанга  12-мартта  жөнөтүлөт.

 

Факты  боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары  жүрүүдө.