“РИА Новости” адамдарды сатууга бөгөт коюу аракетин көргөн “Альтернатива” коомдук фондусунун маалыматына таянып, ымыркайын саткан кыргызстандык тууралуу жазып чыкты.

 

Маалыматка караганда, ымыркайды саткан аял кыргызстандык. Бала 27-февралда Москвадагы төрөтканалардын биринде жарык дүйнөгө келген.

 

Аталган коомдук фонд баланы сатуу боюнча жарнаманы 2018-жылдын жай мезгилинде эле соцтармактардан табышкан. Анда эне бир жаштагы кызын жакшы сыйлыкка берээрин кыйыткан. Фонддун кызматкерлери жарнама берген аялга байланышка чыгышкан, бирок ал учурда аял кызын сатуудан баш тарткан, туугандары полицияга беребиз деп коркутуп, ал оюнан кайтарышыптыр.

 

 2019-жылдын январь айында дагы бир жарнама пайда болгон, анда жакында көз жараарын айткан кыз баласын сатаарын белгилеген. Кызматкерлер байланышка чыгышканда, кыз баласы үчүн бир миллион рубль сураган. Макул болушкандан кийин кыз келишимди түзүүгө Уфадан Москвага келмек болгон.

 

 Баланы сатып алуу 5-мартта Москвадагы ижарага алынган батирде жүргөн. “Альтернативанын” кызматкерлери сатып алуучу кейпинде аялга барышкан. Алар аялдан бир нече жолу: “Балким, кайра ойлоносуз? Ушул убакыт ичинде балага көнүп калгандырсыз?” – деп сурашкан. Бирок, аял баладан баш тартуу кагазын жана миллион рубль алганына кепилдик кат жазып берген. Баланын туулгандыгы тууралуу күбөлүгү болгон эмес.

 

Аял акчаны алган учурда батирге полиция кызматкерлери кирип келишип, кылмыш үстүнөн кармашкан.

 

Аял кийинчерээк күйөөсү аны беш айлык кош бойлуу кезинде таштап кеткенин айтып, күнөөсүн толугу менен моюнуна алган. Баланы сатуу аракети үчүн алты жылга эркинен ажыратылышы мүмкүн. Сот аны эки айга камакка алууга чечим чыгарды.