ИИМ жана Өзгөн райондук ИИБинин кызматкерлери биргеликте Бишкекте 7-мартта 1982-жылы туулган Д. А. аттуу жаранды кармашты. Ал эл аралык издөөдө жүргөн. Бул тууралуу ИИМден билдиришти.

 

Маалыматка караганда, 2019-жылдын 26-январында Өзгөн районунун Жылалды айылындагы кафелердин бирине төрт бейтааныш жаран киришип, кожоюнун коркутуп-үркүтүшүп, 90 миң сомун алып кетишкен.

 

Ыкчам иликтөөлөрдүн негизинде, кылмышка жогоруда аталган Д.А. аттуу жарандын катыштыгы бардыгы аныкталган. ИИМдин криминалдык милиция Кызматынын маалыматына караганда, Өзгөн районунун тургуну Д. А. ИИМде уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары каттоодо турат.

 

Иликтөө иштеринин жүрүшүндө, шектүүнүн жашаган жери дайын болгон. Андан тышкары ал Россияда жасаган кылмышы үчүн эл аралык издөөдө жүргөнү ачыкталган.

 

2017-жылдын 30-декабрында Москва шаарындагы Люблино метросундагы кафелердин биринен Кыргызстандын эки жараны: Маматалиев Муратбек (1980-ж) жана Жолборсов Искендер (1980-ж) уурдалган. Алар дайынсыз кеткенден кийинки күнү туугандары полицияга кайрылышкан. 30-декабрда Москва дарыясынын боюнан балыкчылар белгисиз эркектин сөөгүн табышкан, ал Маматалиев Муратбек болуп чыккан. Бир жумадан кийин жоголгон кишилердин экинчисинин да сөөгү табылган. Москванын тергөө комитети киши өлтүрүү боюнча кылмыш ишин козгогон. Кийинчерээк, Д.А.га эл аралык издөө жарыяланган.