Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы Жаныбек Абиров 8-мартта жаңылыштык менен куттуктап алган эркек кишиден кечирим сурады. Аялдардын катарында куттукталган киши Саламаттыкты сактоо министрлигинин коомдук кеңешинин өкүлү Айбар Султангазиев болуп чыкты.
Айтымында, төрага байланышка чыгып, кечирим сураган. Куттуктоо открыткасын алганда капа болбогонун, жөн гана күлкүсү келгенин айтты. Ал кантип куттукталчулардын тизмесинде болуп калганын да билбейт, төраганын айтымында, катачылык кеткен.