Сауд Арабиядагы этнофестивалга катышууга барып, башкы репетиция учурунда кырсыктаган жаачы Асланайым Аширова Эр-Риядагы мыкты клиникалардын биринде дарыланууда. Бул тууралуу этнофестивалдын уюштуруу комитетинин өкүлү Айнура Темирбекова соцтармакка жазды.
Айтымында, 8-мартта “Ааламдагы көчмөндөр” этнофестивалынын ачылышы аземине чабандестерди даярдоодо Аширова атка мине коюп, бутун кокустатып алган.
Темирбекова белгилегендей, ага дейре бардык катышуучуларга коопсуздук техникасы боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, бир нече жолу чабандестерден башкаларга атка минүүгө тыюу салынаары кайталанган.
Жаачы кызга дароо медициналык жардам көрсөтүлгөн. Мыкты натыйжалуу дарыланууну дарыгерлер консилиуму чечет.
Дарылануу толугу менен бекер болоору да айтылды.