Жакында эле абакта эркиндикке чыккан саясатчы Бекболот Талгарбеков экс-президент Алмазбек Атамбаевди сотко берет. Бул тууралуу өзү билдирди.
Айтымында, ал экс-президенттин "төңкөрүш жасоого камынган" деген кебине нааразы.
"Ал Талгарбеков жана анын санаалаштары ФБСтин генералдарынын жардамы менен мамлекеттик төңкөрүш жасоого аракеттеништи деп бир нече жолу айткан. Булардын баары калп. Мен аны сөзсүз сотко берем. Айтканын чындыгын далилдеп берсин. Анын баарын ал өзү оюнан чыгарган", - дейт Талгарбеков.
Ал орус генералдары менен 2010-жылдагы июнь окуясын иликтөө максатында кызматташканын белгиледи.
Талгарбеков бийликти басып алууга аракеттенген деген жүйө менен камалган. 7-мартта Аламүдүн райондук соту тарабынан мөөнөтүнөн эрте шарттуу түрдө бошотулган.