Депутат Сайдулла Нышанов Жогорку Кеӊеште айыл чарба министри Нурбек Мурашевден эмнеге эл айыл чарба министрлигине салкын мамиле жасаарынын себебин сурады. 

 

Бүгүн парламентте 2019-жылдын жазгы-талаа жана чарбалык жумуштарын жүргүзүүгө карата даярдыктын жүрүшү жөнүндө Өкмөттүн маалыматы угулду. 

 

Айыл чарба министри мындай мамилени өткөн жылы өстүрүлгөн өнүмдөрдүн өз маалында сатылбай калганы менен түшүндүрдү.

 

«Картошка сыяктуу айрым айыл чарба өнүмдөрү экспортко чыкпай, баасы түшүп, дыйкандардын аракети акталбай калды. Ошондон улам, ушундай пикир жаралууда. Азыр жазгы талаа жумуштарын үзгүлтүккө учуратпоо чаралары көрүлүп жатат. Мисалы, быйыл суу былтыркы эле көлөмдө болот. Суу чарба департаментине 238 млн сом каралды», - Нурбек Мурашев.

 

«Айыл чарба тармагында кандайдыр бир жылыштарды жасашыбыз керек. Айыл чарба министрлигинин ишине нааразычылыктар көп, чече турган көйгөйлөр да арбын. Биз өткөн жылы орун алган көйгөйлөрдөн туура жыйынтык чыгарып, анан алга жылууга тийишпиз. Ансыз ишибиз оӊолбойт», - деп, депутат Сайдулла Нышанов биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Бороновду мындай акыбалга өзгөчө көӊүл бурууга чакырды.

 

Эске салсак, Айыл чарба министрлиги өткөн жылы дыйкандарды картошканы көбүрөөк айдоо жөнүндө кеӊеш берген. Анын натыйжасында Кыргызстанда 84 миӊ тонна картошка өндүрүп, ал азыркыга чейин өз баасында сатылбай турат.