Жогорку Кеӊештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитети Кыргызстан менен Германиянын ортосундагы 2017-2018-жылдарга финансылык кызматташтык жөнүндө макулдашууну жана техникалык кызматташтык жөнүндө макулдашууну ратификациялоо жөнүндө мыйзам долбоорун экинчи окууда жактырды.

 

Келишимге ылайык, Германия Өкмөтү 2017-2018-жылдары эки тараптуу техникалык жана финансылык кызматташтык үчүн 40,1 млн евро өлчөмүндө гранттык каражаттарды берүүгө милдеттенүүдө, анын ичинде 21,1 млн евро техникалык кызматташтык долбоорлоруна бөлүнөт.

 

Экономика министри Олег Панкратовдун айтымында, гранттык каражаттын 8,5 млн евросу эконом-класстагы социалдык турак жайлардын курулушуна жумшалат. “Социалдык турак жайларды өлкө аймагындагы 20 шаарында куруу долбоору пландаштырылууда. Ал үчүн алар Мамлекеттик ипотекалык компания менен келишим түзүлүүгө тийиш. Азырынча 7 шаар менен ушундай келишим түзүлдү”, - дейт ал.

 

Ал эми "Биологиялык ар түрдүүлүк" долбоорунун алкагында буга чейин 5 млн евро көлөмүндө каражат бөлүнгөнү, азыр анын бүтпөй калган бөлүгүнө кошумча 2 млн евро бөлүнүп жатканы белгилүү болду. “Бул алкактык келишим болуп саналат. Ал ратификацияланып калса, анын ар бир компоненти боюнча өзүнчө келишим түзүлүп, баардык келишимдер парламенттин тармактык комитеттери менен макулдашылат”, - деп кошумчалады ал.