Өлкөдө автоунаалардын айнегин мыйзамсыз караңгылатуу менен кайрадан күрөш жүрөт. Бул тууралуу Жол жана транспорт министрлигинин алдындагы транспорттук көзөмөл Башкармалыгынан билдиришти.

 

Маалыматка караганда, ушул жылдын 1-февралынан 1-мартына чейинки убакыт аралыгында кыдыруу иш чаралары өткөрүлдү. Анда  «транспортту мыйзамсыз кайра жабдуу» беренеси боюнча  225 протокол түзүлгөн.  Протоколдордун  218и айнекти караңгылатууга батытталган. Салынган айыптардын суммасы 654 миң сомго жеткен.