Бишкекте каттаган 175-маршрутканын ичинде аял айдоочу менен айтыша кеткен. Ал токто деген жерине эрежеге ылайык келбешин айтып баш тарткан айдоочуга кыжырданган. Бул тууралуу соцтармактарга тарап, колдонуучулардын катуу сынын жараткан.
Чүй облустук ИИББдан билдиришкендей, чуу чыгарган аял алардын кесиптеши. Маалыматка караганда, факт боюнча кызматтык иликтөө жүрүүдө.
“Биз кызматкер менен байланыштык. Анын айтымында, соцтармактардагы маалыматтар жаңжалдын экинчи бөлүгү. Маршрутканын айдоочу кызматкерлин колунан кармап тартканда, ал кулап түшкөн. Ушундан кийин гана кыйкырып, ачуу кеп оозунан чыккан”, - деп билдирет аталган мекеме.