Баткендин Сай айылынын тургундары президентке кат жолдошуп, беш жыл мурун башталып бирок ушул кезге чейин курулушу бүтпөй турган мектепти жаңы окуу жылына чейин бүткөрүп берүүсүн суранышты.
Сай айылы Өзбекстандын Сох анклавы менен чектешкен. Айылдыктардын айтымына караганда, балдар 4-5 чакырым алыстыктагы эски мектепке каттап окушат. Ал тар болгондуктан, окуучуларды батыра албай, мугалимдер үч нөөмөт менен окутууга аргасыз.
Айрыкча, кышкысын балдарга убал. Үч нөөмөт болгондуктан, сабак 8де башталып, кечки 7 жарымдарда аяктайт. Кышында күн кыска эмеспи, балдар ээн талааны аралап, караңгыдай үйлөрүнө кайтышат. Аймакта карышкыр, чөөлөр бар, алар кышында көбөйөт. Ошондуктан, айылдыктар балдарынын коопсуздугунан коркушуп, президентке үмүт артышат.