Бүгүн, 4-мартта Белорусиянын борбор шаары Минскте кыргыз киносунун жумалыгы башталат. Бул тууралуу Кыргыз кинематографисттер колдоо фондусунан билдиришти.
Маалыматка караганда, 4-марттан тарта кыргыз режиссерлору тарткан тасмалар Минск шаарында көрсөтүлөт.
4-6-март күндөрү Төлөмүш Океевдин «Кызыл алма», Актан Арым Кубаттын «Кентавр» жана Темир Бирназаровдун «Түнкү кырсык» тасмалары тартууланат.
Белгилей кетсек, жумалыкты Кыргызстандын Белорусиядагы элчилиги уюштурган.