Казакстандагы Калкты тейлөө борборунун кызматкери кыргызстандыктардан акча алып, бирок маселесин чечпей койгон.
Tengrinews.kzдеги маалыматка таянсак, кыргызстандык апасы экөө Казакстандын аймагында каттоого турушмак болушат.
Алар Алматы шаардык Медеу районунун Калкты тейлөө борборуна кайрылышкан. Борбордун кызматкери маселени чечип берүүгө убада берип, акысына 120 миң теңге сураган. Анын жарымын дароо алган, калганын кыргызстандык маселеси чечилгенден кийин бермей болот. Ошону менен шылуун кызматкер убадасын аткарбай коет.
Акырында, кыргызстандык аял өлкөнүн миграциялык мыйзамын бузганы үчүн административдик жоопкерчиликке тартылган. Ал эми шылуун кызматкерге болсо Казак Республикасынын Кылмыш кодексинин 190-беренеси боюнча кылмыш иши ачылган.