1-мартта Ысык-Көлдө түнкү саат 3тө балык уулоого кеткен жубайлар үйүнө кайтып келишкен эмес. Бул тууралуу ӨКМдан билдиришти.
Маалыматка караганда, Жети-Өгүз районундагы Кызыл-Суу айылында жашаган жубайлар 1-мартка караган түнү көлгө балык уулоого кетишкен. Бир күндөн кийин 2-мартта алардын кайыгы көлдөн табылган.
Алдын ала алынган маалыматтар боюнча күйөөсү 40, аялы 38 жашта.