Бул диетанын башкы максаты “азыр жана ушул жерден” арыктатып салуу эмес. Акырындык менен организмдеги заттардын алмашуусун өзгөрткөндө гана адам  бир арыктагандан кийин  кайра салмак кошуп алуу коркунучунан алыс болот.

 

13 күнгө арналган меню

 

1-күн

 

Эртең менен: кара кофе

Түштө: сууга бышырылган 2 жумуртка, сууга бышырылган капустага өсүмдүк майы кошулган салат жана 1 стакан томат ширеси.

Кечинде:  куурулган же сууга бышкан балык.

 

2- күн

 

Эртең менен: кара кофе, сухарик

Түштө: куурулган же бышырылган балык, жашылчалардан салат, өсүмдүк майы кошулган капуста.

Кечинде: 100 грамм уйдун бышкан эти, 1 стакан айран.

 

3- күн

 

Эртең менен: кара кофе, сухарик.

Түштө: өсүмдүк майына куурулган 1 чоң кабачки.

Кечинде: бышырылган 2 жумуртка, 200 грамм бышырылган уй эти, жаңы капустага өсүмдүк майы кошулган салат.

 

4- күн

 

Эртең менен: кара кофе

Түштө: 1 чийки жумуртка, 3 чоң бышырылып, өсүмдүк майы кошулган  сабиз,15 грамм катуу сыр.

Кечинде: мөмө-жемиш.

 

5-күн

 

Эртең менен: чийки сабиз лимон ширеси менен.

Түштө: куурулган же бышырылган балык, томат ширеси 1 стакан.

Кечинде: мөмө- жемиш.

 

6- күн

 

Эртең менен: кара кофе.

Түштө: бышырылган тооктун жарым эти, жаңы капустадан же сабизден жасалган салат.

Кечинде: бышырылган 2 жумуртка, кыргычтан өткөрүлгөн чийки сабиз (өсүмдүк майы кошулган).

 

7- күн

 

Эртең менен: чай

Түштө: 200 грамм уйдун бышырылган эти, мөмө-жемиш.

Кечинде: буга чейинки кечки тамактардын арасынан каалаганды тандоого болот. Бир гана 3- күндөгү кечки тамак болбойт. Же бышырылган краб.

 

8- күн

 

Эртең менен: кара кофе

Түштө: тооктун бышырылган жарым эти, жаңы капустадан же сабизден салат.

Кечинде: бышырылган 2 жумуртка, кыргычтан өткөрүлүп, өсүмдүк майы кошулган чийки сабизден 1 стакан.

 

9- күн

 

Эртең менен: чийки сабиз лимон ширеси менен.

Түштө: куурулган же бышырылган чоң балык, томат ширеси 1 стакан.

Кечинде: мөмө-жемиш.

 

10 – күн

 

Эртең менен: кара кофе.

Түштө: 1 чийки жумуртка, 3 бышырылган чоң сабиз өсүмдүк майы кошулган, 15 грамм катуу сыр.

Кечинде: мөмө-жемиш.

 

11-күн

 

Эртең менен: кара кофе, сухарик.

Түштө: өсүмдүк майына куурулган 1 чоң кабачки.

Кечинде: бышырылган 2 жумуртка, 200 грамм бышырылган уй эти, жаңы капустадан өсүмдүк майы кошулган салат.

 

12-күн

 

Эртең менен: кара кофе, сухарики.

Түштө: куурулган же бышырылган балык, жашылча салаты, өсүмдүк майы кошулган капуста.

Кечинде: 100 грамм бышырылган уй эти, 1 стакан айран.

 

13-күн

 

Эртең менен: кара кофе

Түштө: бышырылган 2 кофе, сууга бышырылып, өсүмдүк майы кошулган капустадан салат, 1 стакан томат ширеси.

Кечинде: куурулган же бышырылган балык.

 

Диетанын принциптери

 

Япон диетасын кармаган убакыт аралыгында шекер, ундан жасалган жана кондитер азыктарын жегенге болбойт. Азыктарды жана даяр болгон тамактарды туздабаш керек. Тамактардын ортосунда минералдык же кайнатылган сууну ченебей ичүү зарыл. Диетаны так ушундай турушунда бир да азыкты өзгөртпөй кармаганда организмдеги заттардын алмашуусу кайра түзүлөт.

 

Каршы көрсөтмө

 

Бул диета бардык адамдарга эле жага бербейт. Диетада дээрлик ар бир күнү кофе ичүү сунушталат. Демек, гипертоник, жүрөк оорукчандарга, уйкусуздуктан жабыркагандарга сунуш кылынбайт. Диетада С, Е жана фоли кислотасы аз санда болгон азыктар көрсөтүлгөн. Андан башка да жашоого керектүү дээрлик бардык микроэлементтер (калий, магний, кальций, темир) да аз. Ошондуктан, диета учурунда жана андан кийин жарым витаминдерди ичүү керек.