Самара шаарындагы жол кырсыгынан жабыркагандардын арасында Кыргызстандын бир жараны бар болчуп чыкты. Бул тууралуу Кыргызстандын Россияга элчилиги билдиришти.
Маалыматка караганда, кырсыктан каза тапкандардын арасында кыргызстандыктар жок. Жалпысынан беш адам жабыркаган, анын бири кыргызстандык. Аларды Красноярск районундагы ооруканага жеткиришкен.
Самарадагы унаа жолдун 2 –чакырымында эки жеңил автоунаа кагышып кетишкен. Унаалардын биринин ичинде Кыргызстандын, Өзбекстандын жана Тажикстандын жарандары бараткан. Алар ар кандай жараат менен ооруканага жеткирилген, бешөөнүн экөөсүнүн акыбалы оор, а үчөөнүн акыбалы орточо оор деп сыпатталууда.