Биринчи май райондук соту Текебаевдин ишин Кылмыш жана Кылмыш-процессуалдык Кодекстин жаңы редакциясынын күчүнө киргенине байланыштуу кайра кароону белгиледи. Биринчи отурум 23-апрелде болоору белгилүү болду.
Бул тууралуу “Адилет” укуктук клиникасынан билдиришти. Маалыматка караганда, Башкы прокуратура тарабынан ЖАМКнын Текебаевди жатак-колониясына которуу мөөнөтүн туура эмес санаганы боюнча кат карала баштады. Адвокаттардын эсебинде, экс-депутат 47-абактан ушул жылдын мартында чыгышы керек эле.