Кыргыз Республикасынын ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын Жалал-Абад облусу боюнча башкармалыгынын кызматкерлери уулуу зат болуучу сымапты мыйзамсыз сатуу аракетин токтоткон. Өткөрүлгөн атайын операция күчтүү таасир берүүчү жана уулуу заттарды мыйзамсыз жүгүртүү менен алектенүүчү жактарды аныктоого жана алардын ишмердүүлүгүн токтотууга багытталган.
Бул тууралуу ИИМден билдиришти.
2019-жылдын 22-февралында Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын кызматкерлери тарабынан Баткен облусунун Кадамжай шаарында ыкчам-иликтөө иш-чараларын өткөрүүдө 1961-жылы туулган М.Э. аттуу жарандын башкаруусундагы «Лексус RX-330» үлгүсүндөгү автоунаасы токтотулган. Автоунаанын салонуна тинтүү жүргүзүү учурунда 356 килограмм салмактагы «сымап» уулуу заты табылып алынган. Аталган факты кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган. Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 277-беренеси «Күчтүү таасир берүүчү жана уулуу заттарды мыйзамсыз жүгүртүү» боюнча сотко чейинки иликтөө иштери жүргүзүлө баштаган.
Азыркы учурда бул кылмышка тиешеси бар башка жактарды аныктоо боюнча кошумча ыкчам-тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө