«Аткаминерлер инвесторлордун иштөөсүнө мүмкүнчүлүк бербейт. Инвесторлорго тийбегиле!», - деди президент Бул «Аймактарды өнүктүрүү боюнча улуттук диалог» аттуу конференцияда.
Сооронбай Жээнбеков ишкерлер жана инвесторлордун жаңы ишкана ачып, курулушка уруксат алууда түйшүгү түмөн экенин белгиледи.
«Ишкерлер архитектура жана энергетика боюнча уруксат кагазын алуу үчүн көп убакыт күтүшөт. Чиновниктер болсо тийешелүү документтерди убагында бербей, алардын ишине тоскоолдук жаратышат. Ошондуктан, ишкерлер иштерин жүргүзө алышпайт», — деди ал.
Өлкө башчы ишкерлер бардык ишти кичи ишкерликтен баштаарын, жүрүп-жүрүп орто бизнеске, андан барып ири бизнеске айланаарын белгиледи.
"Ишкер чөйрөгө канча жардам, канча колдоо болсо, ошончо кайтарым болот. Салык да көбөйөт. Инвесторлорго иштөөгө мүмкүнчүлүк бергиле. Силер болсо, курулушчуга пайдубал түптөөгө да мүмкүнчүлүк бербей жатасыңар», -деп президент атамекендик аткаминерлерге кайрылды.