Ош облусунун Кара-Суу районунун тургундары Россиянын президенти Владимир Путинге кайрылуу жолдошту. Кайрылууда Кызыл-Кыштак айылында аткаминерлер жергиликтүү калкты басынтып, акча өндүрүү менен алектенип, жана шантаж, коркутуп-үркүтүүгө да барышаарын билдиришкен.
Айтымдарында, аталган айыл өкмөтүнүн башчысы Шарабидин Капаров жоопкерчиликсизден пайдаланып, жөнөкөй элди доо арыз менен сотко берет. Доолаганы бир жарым миллион сом. Карапайым элде сот жана укук коргоо органдарына ишеним жок, сотто бир гана байлар утушат, укук коргоо кызматтарынын башында коррупцияланышкан аткаминерлер турушат.
Кызыл-Кыштак айылынын тургандары Кыргызстандын бийлиги менен жолугушуудан үмүт үзүштү, ошондуктан алар Россиянын президентине кайрылууну эп көрүштү.
Ошондой эле кайрылууда Путинге өтүнүч да жолдонгон – катты Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбековдун өз колуна берип, жолугушуу да уюштуруп коюушу керек.