Бишкек ШИИБи “48 саатка жоголуп кет” деп аталган өспүрүмдөр арасындагы жайылган оюндан кооптонушууда.

 

Маалыматка караганда, оюн социалдык тармактарда башталды. Анын башкы максаты – мүмкүн болушунча көп адамдарды тынчсыздандырып, социалдык издөөгө тущ болуп, качып кеткенинин себебин эч убакта айтпоо болуп саналат.

 

Бишкек ШИИБи мектептерде ата-энелерге түшүндүрүү алдын алуу иштерин жүргүзүүнү сунуштайт. Мындай акыбал жаралса биринчи кезекте укук коргоо органдарына кайрылууну эскертет.

 

Оюндун жобосу мындай:

 

Өспүрүм үйдөн качып кетет, кайда кеткенин жакындарына айтпай, эки күн алар менен байланышын үзөт. Аны канчалык көп адам издеп, милиция кызматкерлери да тартылса, ошончолук балл көп алат.

 

Бул коркунучтуу оюн Фейсбук тармагында популярдуу боло баштаганы айтылат.