Бул жөнүндө Ош шаардык оор атлетика жана бокс мектебинин башкы директору ТалантАрзиев сүйүнчүлөдү. Айтмакчы, бул эл аралык турнир Казакстандын Караганда шаарында Ооган согушунун катышуучуларынын элесине арналып өткөрүлдү.

 

Ал таймашта Казакстан, Кыргызстан, Өзбекстан, Тажикстан жана Орусиянын эн мыкты делген мушкерлери гана күч сынашты. Баса, бул жолку Эл аралык мелдешке Кыргызстандан жалпысынан он мушкер катышып, бешөө медаль тагынса, булардын үчөөсү – Ислам Тургунов, Миршахит Имамназаров жана Байжан Турсуналы уулу - Ош шаарынын мушкерлери. Ислам Тургунов 75 кило салмак категориясында 1-орунду, Миршахит Имамназаров 60 кило салмак категориясында 2-орунду, ал эми Байжан Турсуналы уулу 64 кило салмак категориясында 2-орунду камсыз кылышты.

 

Белгилей кетчү жагдай: Эл аралык мелдеш Казакстандын Караганда шаарында ушуну менен сегизинчи ирет өткөрүлүп, кыргызстандыктар үч алтын, үч күмүш медаль тагынышты. Ал эми республикабыз жалпы эсепте экинчи орунду камсыз этти...

 

 

 

Булак: “Майдан. kg” гезити