Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасынын жарым коргоочусу Турсунали Рустамов Тажикстандын жогорку лигасында ойногон “Худжанд” клубу менен бир жылга келишим түздү. Рустамовдун айтымында, алгач ал Өзбекстандын “Анжиян” клубу менен келишим түзүү үчүн Ташкентке барып, бирок келишимдин шарттары боюнча бир пикирге келе албай калышкан.

 

“Ошол учурда Ташкентте окуу машыгуусунда жүргөн “Худжанд” клубунда ойноо сунушу түштү. Ал жактан жаңы клуб үчүн самарканддык “Динамо” менен болгон оюнга чыгып, беттештин башталышында гол киргиздим. Командада мыкты футболчулар чогулган. Алардын көбүн тааныйм, ошол себептен жакшы тосуп алышты. Март айында аталган клуб АФК кубогунда оюндарын баштайт”,- деди футболчу.

 

“Худжанд” 1992-жылдан бери Тажикстандын жогорку лигасында ойнойт. Ал былтыркы сезондун жыйынтыгында чемпионатта экинчи орун алып, алтынчы жолу өлкөнүн вицечемпиону болгон. 6чы жана 13- мартта “Худжанд” клубу АФК кубогунун плей-оффтук оюндарынын алкагында “Алай” – “Ахал” командаларынын ортосундагы беттештин жеңүүчүсү менен ойнойт. Т.Рустамов жакында Араб Эмиратында өткөн Азия кубогунда өлкөбүздүн курама командасында ойоноп, мыкты оюн көрсөткөн жана эң жакшы гол киргизген. Бирок ушундай таланттуу футболчуларыбызды кармай албай, алар акча үчүн чет мамлекеттерге кете беришсе, бир эмес, он стадион курсак деле кыргыз футболу кайдан өнүкмөк эле.

 

 

 

Булак: “Майдан. kg” гезити