Бул тууралуу 23-февралда Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев жана Казакстан Республикасынын Премьер-министринин милдетин аткаруучу Аскар Мамин телефон аркылуу сүйлөшкөн учурда макулдашылды.
Ошондой эле телефондук сүйлөшүүнүн жүрүшүндө эки жактуу кызматташуунун актуалдуу маселелери да талкууланды. Өкмөт башчылар кыргыз айыл чарба продукцияларын казакстандык рынокко чыгарууга чектөөгө байланыштуу маселелерге өзгөчө көңүл бурушту. Бул маселени өз ара пайдалуу шарттарда тез арада чечүү жолдору талкууланды.
Мындан мурда Кыргызстандын айыл чарба министрлиги аталган маселени чечүү үчүн Казакстанга жана Евразиялык экономикалык комиссияга кат даярдап жаткандыгын билдирген болчу.
Бүгүнкү күндө кыргызстандык дыйкандардын 200 миң тоннадай картөшкөсү сатылбай турат. Сатылганы да дүңүнөн 5 сомго араң чыгып, базарларда алыпсатарлар 10-15 сомдон сатышууда. Айыл чарба министрлиги өлкөбүздүн картөшкөгө болгон ички керектөөсү 500-600 миң тонна болсо, өткөн жылы дыйкандар 1,5 млн. тонна түшүм жыйнашкандыгын билдиришкен.
Казакстандын бийлиги мындай чечимди Кыргызстан менен Өзбекстандан келип жаткан азыктардан карантинге алынган курттар (Комсток – Pseudococcus comstocki (Kuwana), нематод Globodera rostochiensis (Wollenweber) чыгып жатканы менен негиздеген.
Булак: “Майдан. kg” гезити