Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматынын жетекчиси Азамат Абсатаров билдирди. Алгач электрондук карта менен төлөө ыкмасы 1-каттамдагы троллейбустарга киргизилди. Ал эми калган каттамдарда үч күндөн кийин толугу менен ишке кирет. Картанын баасы 100 сом болуп, ичинде 36 сом акасы бар. “Учурда бул боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп жатат. Карталарды Ош шаардык жүргүнчүлөрдү ташуу агенттигинин кеңсесинен, ОшМУ, ОшТУдан жана айдоочулардын өздөрүнөн алса болот. Электрондук төлөмдүн киргени айдоочуларга жана жүргүнчүлөргө өтө ыңгайлуу болот. Анткени убакытты үнөмдөөгө шарт түзөт”- деди Азамат Абсатаров.
Ал эми калаа тургундары электрондук картанын артыкчылыктарын белгилешүүдө. “Электрондук картаны бир ай мурда сатып алганмын. Бүгүндөн баштап колдонууга өттүм. Айдоочуга акчаны берип, кайтарым күтпөгөнүн жакшы экен, ”- дейт шаар тургуну Мирсалат Маматова. Учурда коомдук транспорттун баасы троллейбуста 6 сом, ал эми автобуста 8 сом.
Белгилей кетүүчү жагдай, Бишкек шаарынын мэриясы да жаңы жылга чейин эле коомдук транспорт тармагында кескин бурулуш болуп, жүздөгөн жаңы автобус жана троллейбусттар алынып келинерин, ал тургай биринин артынан экинчиси куйрук улаш жүрүп турган “скоростной” автобустар пайда болорун, алардын баарында акы төлөө Союз учурундагыдай билет системасына өтөрүн убада кылышкан болчу. Бирок андан бери жарым жылга жакын убакыт өтсө да, эч кандай жаңылануу боло элек. Ал эми Ош мэриясы алдын ала элге жарыя бербестен туруп эле ишти жасап койду.
Булак: “Майдан. kg” гезити