АКШнын Калифорния штатына караштуу Сан-Диего шаарында 24- февраль күнү джиу-джитсу боюнча эл аралык “Сан-Диего ОРЕN Gi” эл аралык, дүйнөнүн дээрлик бардык өлкөсүнөн келген спортчулар арасындагы мелдеште Кыргызстандын да желеги желбиреди. Джиу-джитсу боюнча мелдеште биздин уулубуз Самарбек Сабыржан уулу 64 кг салмакта 1-орунду камсыз кылды. Аталган спорт түрү жакынкы келечекте олимпиада оюндарына киргизилерин эске алганда, Самарбектин жениши абдан маанилүү.
Мындан соң, уулубуз абсолюттук “NOGI” же 64 кгдан жогору салмак боюнча беттеште кең далылуу дүйнө балбандарын артта калтырып, финалдык беттеште гана утулуп калды. Күмүш медаль да чоң сыймык!
Самарбектей кыргыздын туусун эл аралык аренада желбиреткен спортчулар көп болсун! Кыргыз элине тартуулаган бул жеңишиң акыркысы болбосун, сага ийгилик, кыргыз эли сени менен сыймыктанат! “
Булак: “Майдан. kg” гезити