Азыктын бул түрү боюнча эң көп өндүрүш (92 миң тонна) Чүй облусуна туура келет. Андан кийинки орунда Ош облусу (83 миң тонна), Жалал-Абад облусу (83 миң тонна) жана Ысык-Көл, Нарын облустары (53 миң тоннадан) турат. Калган өндүрүш Баткен, Талас облустарына жана Бишкек, Ош шаарларына туура келет.

 

2017-жылы өлкөдө 395 миң тонна эт өндүрүлгөн.

 

Чет жакка жылына эттин өзү канча көлөмдө сатылганы белгисиз. Улуттук статистика комитети эт жана эт азыктарын кошуп санаганда 2017-жылы 1190,5 тонна өндүрүм чет өлкөлөргө жөнөтүлгөнүн маалымдайт.

 

Кыргызстан өндүргөн этти негизинен Евразия Экономикалык Биримдигине кирген өлкөлөргө, коңшу мамлекеттерге жана араб мамлекеттерине экспорттору маалым.

 

 

 

Булак: «Мантыш»