Мэр Азиз Суракматов дээрлик бардык вице-мэрлерди кызматтан алды. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.

 

Маалыматка ылайык, социалдык маселелер боюнча вице-мэрликке Октябрь районунун акиминин орун басары болуп эмгектенген Татьяна Кузнецова келди. Ага дейре Асель Куламбаева иштеген.

 

Транспорт маселеси боюнча вице-мэр Максим Ситников кызматынан бошотулуп, Октябрь районунун башчысы болду. Анын ордуна буга дейре жер ресурстары боюнча башкармалыктын жетекчилигинде отурган Азизбек Алымкулов келди.

 

Бир гана вице-мэр Рыспек Сарпашев ордунда калды.

 

Тийиштүү жарлыкка мэр кол койду.