Экс-президент Атамбаевдин адвокаттары расмий органдардан доо арыздын ээлери Ахматбек Келдибеков, Азимбек Бекназаров жана Кеңешбек Дүйшебаевдин мүлктөрү боюнча маалымат берүү өтүнүчүн келтиришти.
Бул тууралуу “Апрель” телеканалы жана экс-президенттин үстүнөн жазылган арыз боюнча сот отурумунда белгилүү болду.
Процесстин жүрүшүндө, адвокат Кантемир Турдалиев бул акыйкаттык үчүн зарыл нерсе экенин белгиледи.
“Өткөн отурумда мүлктөр боюнча маалымат берген булак тууралуу кеп болгон. Биз маалыматтарды ачык булактардан алдык. Бирок, расмий органдар тастыкташы да керек”, - дейт Атамбаевдин адвокаты.
Андан тышканы адвокат Атамбаевдин маегин лингвистикалык экспертизадан өткөрүүнү да суранды.