Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү Мамлекеттик кызматынын билдиргенине караганда, коомдук телеканалдын пара алып жатканда кармалган журналисти темир тор артына жөнөтүлө элек.

 

Маалыматка караганда, бул факт жоруктар жана кылмыштардын Бирдиктүү реестринде катталган. Беренеси – “мамлекеттик кызматкерлердин мыйзамсыз сыйлык алышы”. Азырынча журналисттин баш коргоо чарасы карала элек.

 Учурда сотко чейинки өндүрүш жүрүп жатат.

 

Эске салсак, КТРКнын журналисти Эльвира Сатыбекова бала бакчанын башчысынан пара алып жатканда  кармалган. Ал эми аталган каналдын жетекчиси Илим Карыпбеков бул кабар тараары менен журналисттин ооруп, жумушка чыкпай жатканын билдирип чыкты.