Ошто аялын сабап жатып өлтүрүп алган киши кармалды. Бул тууралуу аймактык ИИБден билдиришти.
Маалыматка караганда, 19-февралда 45 жаштагы Э. А. аттуу киши жана анын 34 жаштагы аялы урушуп кетишкен. Киши жубайын катуу сабаган, алган жараатынан аял каза тапкан.
Шектүү көрсөтмөсүндө кырсык болгон күнү аялы апасынан 500 сом алганын жазган. Киши аялынан акчаны эмнеге жумшаганын сураган, бирок ал жооп бергиси келген эмес. Ачуусу келген күйөө кызуулугуна салып сабаган. Аялы каза тапса да киши тез жардам да, милиция да чакырган эмес.
Соттун чечими менен шектүү эки айга абакка камалды.