Кара-Балта шаарынын тургуну Гүлнара Жусупбекова 24 жаштагы майып иниси Акжолбек Солтонбеков кездешкен окуя тууралуу айтып берди.

 

Иниси жүргүнчү ташып оокатын өткөрчү. 17-февралда эки кардар машинеге отуруп, аларды Полтавка айылына жеткирип коюну өтүнүшкөн.

 

 Айдоочу кардарларга жол акы 100 сом болоорун айткан, тигилер макул болушкан. Бирок, айтылган дарекке келишкенден кийин кардарлар ага 10 сом сунушкан. Акжолбек угуу органдары жабыркаган майып болгондуктан кыйкырып, же талап кылып каршылык көрсөтө алган эмес.

 

“Иним үйгө кайтып келгенде аны эки машинеде сегиз жигит кубалап келишти. Машинеден жулкулдатып чыгарышып, эсинен тангыча сабашты. Учурда иним башынан жараат алып ооруканада. Ал катуу стресс алды, түнү тынч уктай албай калды”, - дейт эжеси Гүлнара.

 

Жабырлануучунун энеси укук коргоо кызматына арыз жазган, бирок ал жактан эч кандай чара көрүлө элек.