Журналист Улугбек Бабакулов кечээ, 25-февралда Франциянын качкындар жана жарандыгы жоктордун иши боюнча Башкармалыгынан маалымдоо кат алган. Анда “Эми сиз башкармалыктын укуктук жана административдик коргоосунда болосуз” деп жазылган.

 

Бул тууралуу “Фергана” сайты жазып чыкты.

 

 Эске салсак, Бабакулов экс-президент Атамбаевдин учурунда өлкөдөн чыгып кеткен. Ал маалымат каражаттарына берген маегинде:

 

“Мекенге азырынча кайта албайм. Франция бийлиги мага жана менин үй-бүлөмө бул жакта отурукташууга мүмкүнчүлүк берди”, - деп айткан.

 

 Ага карата 2017-жылдын июль айында УКМК улуттар, расалык, диний аралык каршылашууну күчөтүү беренеси боюнча кылмыш ишин козгогон.