Саясатчы Адахан Мадумаров Борбордук шайлоо комиссиясын сотко бергенге ниеттенүүдө. Бул тууралуу ал өзү маалымат каражаттарына берген маегинде билдирген.
Айтымында, 2017-жылдагы президенттик шайлоогу айрым кырдаалдарга байланыштуу сотко кайрылат.
“БШК чет өлкөлөрдө жүргөн жарандардын 18500ү эле шайлоого катыша алат деген чечим кабыл алды. Мындай чечим кабыл алгандай алар ким? Конституцияла Кыргызстандын паспортуна ээ болгон ар бир жаран шайлоодо добуш берүүгө жана талапкер болууга укуктуу деп так жазылган. 18500 жарандан башка жарандардын бул укугун ким тартып алды? Кыргызстандын жарым миллиондон ашуун жараны Россияда, Түркия, Корея, Казакстанда жүрүшөт. Алардын укугун ким коргойт?” – деген пикирин билдирген саясатчы.
Ошондой эле саясатчы Кыргызстандын Россиядагы элчилигинде шайлоо учурунда болгон терс көрүнүштөрдү билдирди.
Айтымында, каттоого туруу үчүн келген жарандарды элчиликтин кызматкерлери эшик оозунан тосуп алышып, кимге добуш берээрин сурашкан. “Бизге керектүү адамга добуш берсең киресиң, башкага берчү болсоң кирбейсиң”, - дегенге чейин барышкан. Нааразы болгондорго милиция чакырышып, ур-токмокко да алышкан. Саясатчы ушул материалдардын баарын чогултуп БШКны сотко берүүнү чечти.