- Тоо-кен жаатында иш алып барган ишканаларга салынчу салыкка нааразы болуп жатасыздар. Ишканалардын кирешелерине салыктын өлчөмү туура келбейби?
- Тоо-кен тармагындагы түстүү металлдар менен алектенген, жалпы салык режиминде иштеген бир дагы ишкананын киреше ала турган чекке жете элек. Салык жүгү учурда ишканалардын таза пайдасынын 17,9 пайызын түзөт. Бул өтө көп. Башка өлкөлөр менен салыштырып көрөлү. Казакстанда салык жүгү тоо-кен ишканаларына карата таза пайдасынын 14 пайызын түзсө, Монголияда 15 пайызга жетет. Ал эми долбоорлордун чегин 10 жылдан 20 жылга чейин белгилешкен. Бизде көптөгөн компаниялардын кирешеси беш пайыздан да аша элек. Булардын баарын анализдеп келгенде 17,9 пайыз салык жүгү реалдуу эмес.
- Бул жааттагы компаниялар ишин баштагандан кийин канча убакыттан соң пайдага жете алышат?
- Ишкерчиликтин бул түрү бир топ татаал. Алгая издөө иштери, андан кийин геологиялык чалгындоо жүрөт. Ушул этаптардан сощ гана иш киреше чегине жетет. Биздеги көп компаниялар учурда издөө иштери жана геологиялык чалгындоо менен алектенишет. Башкача айтканда, компаниялар долбоорду ишке ашырууга акча салышат, а бирок кетирген чыгымдары актала турган убакка жетише элек. Ошондуктан салык жүгүнүн көбөйүшү бул тармакка терс таасирин тийгизип коюшу мүмкүн.
-Тең салмаксыздыкты көтөрө албай айрым компаниялар иштебей калуу коркунучу да барбы?
-Албетте, бар. Коопсуздук Кеңешиндеги кен казуу тармагындагы коопсуздукту сактоо чаралары боюнча кабыл алынган чечим милдетин ак ниет менен аткарган кен казуучулардын ишин үзгүлтүккө учуратып, ал турмак толугу менен токтоп калуусуна жеткирет деп кооптонуп турабыз. Чечимде оң жагдайлар да бар. Мисалы, лицензиялаштырууну автоматташтыруу процесси жана инвесторлорго ишенимдин жогорулашы. Бул оң жагдайларды башка тармакка зыян келтирүүчү сунуштар жууп кетиши ыктымал.
- Зыян келтирүүчү сунуштар кайсы?
- Биринчи кезекте салыктын жогоруталышы. Кеңеште салыктын дээрлик бардык түрлөрүн жогорулатуу сунушталды. Анын ичинде кирешеге, лицензияны кармоо акысына, бонустарга да бар. Ошондой эле мурда берилген лицензиялардын баарын текшерүүгө алуу да айтылды. Бул дагы кооптондуруучу жагдай. Текшерүүлөрдүн санынын арбышы да кубандыраарлык эмес. Ансыз деле азыр тармакты укук коргоо кызматтары көп текшерүүгө алышат. Анткени, кен казуучу ишкерчилиги бизнести текшерүүгө жарыяланган мараторийге киргизилген эмес. Булардан сырткары жогорку нормативдик жоготуу, рентабелдүүлүктүн каржы-экономикалык модели туурасында да сунуштар жолдонду. Дүйнөлүк практикада мындай нерсе болбойт. Салык жүгү гана каралат, а калгандарын компания өзүнүн дараметине жараша жүргүзөт.
- Кен казуу жайларына берилген 41 лицензияга мурдагы укук коргоо кызматкери ээлик кылаары тууралуу маалымат жарыяланды. Чын эле ошондойбу?
- Бул жөнүндө маалымат каражаттарына чыккандан кийин Эларалык ишкерлер кеңеши тыкыр иликтөо жүргүздүк. 41 эмес, 39 лицензия берилгени такталды. Алардын баары компаниялар тобунун карамагында. Акыркы инвестор Кыргызстандан чыккан Александр Беккер. Бул кишини Кыргызстан жакшы тааныйт. Тоо –кен тармагына көп инвестиция тарткан. Ал дагы маалымат каражаттарына жазылгандарды окуп таң калды. Беккер компаниянын жөн гана директору, ал жергиликтүү эл менен түшүнүүчүлүккө келүү маселесине жооп берет. Инвесторлор компаниялардын тобунун башчылыгына бир кишини дайындоо практикасын колдошунат. Анын мурда ИИМде иштегени жөн гана дал келүүчүлүк. Ушундай билдирүүлөрдөн кийин бул долбоорлорго инвестиция тарта албай калуу коркунучу бар.
- Дагы кандай маселелер бар бул жаатта?
- Бизге өлкөнүн минералдык-чийки зат базасын толтуруу керек. Эгемен жылдарында көп эле кен чыккан жайлар иштетилди, ошондуктан иштөө издерин кеңейтүү зарыл. Дүнөлүк практикада издөө иштери менен алектенген компаниялар ар кандай төлөмдөрдөн такыр эле бошотулган. Иши кылса алар издеп, таап беришсе гана болду. А бизде төлөмдөрдү төлөшөт, издөөлөрүн уланта да беришет, жаңы пайдалуу кендерди табышат жана баланска коюшат.
Булак: “Майдан. kg” гезити