Чүй интернат-мектебинен чыгып дайынсыз болуп жаткан 13 жаштагы Анаркүл Жоошбаева табылды. Бул туралуу аталган мектептин директору билдирди.

 

Айтымында, кызды мугалимдер 23-февралда Ош базарынын жанынан табышкан.

 

Кыздын акыбалы жакшы. Мектептен эмне себептен качып кеткени белгисиз. Директордун айтымында, мектепте ага жакшы мамиле жасалган.

 

 Эске салсак, кыз 18-февралдан баштап дайынсыз болгон.