«Атамбаевсиз КСДП» кыймылынын жетекчиси Сагынбек Абдырахманов алардын артында ким тураарын ачыктады.
«Депутат Асылбек Жээнбековдун биздин кыймылга эч кандай тиешеси жок. Биз аны менен жолугушкан да эмеспиз. Жоопкерчиликтүү жарыя кылайын, Асылбек Жээнбеков дагы, президент дагы бизди колдобойт жана эч убакта колдогон эмес. Мындай маалыматтардын баары калп», - деди ал.
Ошондой эле анын айтымында, КСДП фракциясынын лидери Иса Өмүркулов да кыймылга аралашкан эмес.
“Биз Өмүркуловдун партиянын катарынан чыгарылганын мыйзасыз деп эсептейбиз, бирок бул анын автоматтык түрдө биздин кыймылга кирип калды дегенди билдирбейт да”, - дейт КСДПны Атамбаевсиз көргүсү келген лидер.