Мелдешке Жогорку Кеңештин депутаттары, Өкмөттүн, Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт агенттигинин жана Жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү катышты. Алгач Жогорку Кеңештин депутаттары журналисттер менен ойноп, 1 – 0 эсебинде жеңишке жетишти.

 

Бул тууралуу парламенттен билдиришти. 

 

Андан соң Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт агенттигин утуп алган Өкмөт өкүлдөрү менен таймашып, аларды финалда депутаттар 2 – 0 эсебинде жеңип алды.  Финалдык таймашта биринчи улакты команданын капитаны Канат Исаев, экинчисин Курманкул Зулушов эңип барып, тайказанга Урмат Саамаев салды.

 

Натыйжада экинчи орунда вице-премьер-министр Замир Аскаров баштаган Өкмөт өкүлдөрү багынтса, үчүнчү орунга Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт агенттиги жетишти.  

 

Бардык командалар атайын дипломдор жана акчалай сыйлыктар менен сыйланды.