Журналист Мая Осмонкулова Талас облусунда болгон кайгылуу окуяны коомчулук менен бөлүштү.
"Бүгүн биздин айыл күйүткө батып олтурат. Эл эмес Жер эне кошо онтогондой, энеси менен 14 жашар кызын жерге бердик. Дагы эки наристенин өмүрү эки ортодо жатат. Бул видеодон көрүп турган контролер кыз жанагы 14 жашар кыздын " Азыр апам келип төлөйт, өчүрбөсөңүз" деп жалынганына карабай светин кесип кеткен. Атасы 11-класс окуган баласы менен Бишкекте ооруканада болчу. Күн суук, тамакты балдарына сыртка бышырып, оттун чогун балдарым үшүбөсүн деп бирдемеге салып жаткан бөлмөгө киргизип койгон. Ошентип бир үй бүлө баары көмүрдүн исине ууланып калышкан", - деп жазды фейсбуктагы баркчасына.
Мына ушундай көрүнүш. Электрчилердин күчү карапайым адамдарга гана чыккан. Эки миң эмес, элүү сом карызы барлардын да жарыгын кесип кетүүгө обдулушат. Ошол эле убакта бир нече миңдеген карызы менен байлар, аткаминерлер электрди каалашынча пайдаланып жүрүшкөнү жашыруун эмес.