Кыргыз Республикасынын ички иштер министри, милициянын генерал-майору Кашкар Жунушалиев Түркиянын Стамбул шаарында өтүп жаткан Будапешт Процессинин Алтынчы министрлер конференциясынын алкагында Турция Республикасынын ички иштер министри Сулейман Сойлу менен жолукту. Эки министрликтин башчыларынын жолугушуусунда эки тараптуу кызматташуунун маанилүү маселелери талкууланды.

 

Бул тууралуу ИИМден билдиришти. 


Түркиялык министр Сулейман Сойлу Кыргыз Республикасы менен менен Түркиянын ортосундагы эки тараптуу кызматташуусунун өнүгүүсүнө өткөн жылы эки мамлекеттин башчыларынын ыйгарым жолугушуулары, иш-сапарлары негиз болгондугун белгиледи. Жогорку деңгээлге жеткен макулдашууларды ишке ашыруу максатында Сулейман Сойлу Кыргыз Республикасы менен Түркиянын ички иштер министрликтеринин ортосундагы эки тараптуу кызматташуунун сапатын жогорку денгээлге жеткирүү тууралуу өз пикирин билдирди.


Өз кезегинде министр Кашкар Жунушалиев азыркы келишим базасына көңүл бурду. Бүгүнкү күндө тараптар 1992-жылдагы эки тараптуу министрликтердин ортосундагы макулдашуунун алкагында кызматташып жаткандыгын негиз кылуу менен ал кездеги макулдашуу кылмыштуулуктун учурдагы коркунучтары менен күрөшүү чөйрөсүнө талаптагыдай толук жооп бербей жаткандыгын белгилеп, эки тараптуу макулдашуу базасын жаңыртууну сунуштады. Ошондой эле, кызматташуунун оң натыйжаларына жетүү үчүн ал эки министрликтин ортосундагы макулдашуунун долбоорун иштеп чыгууга багытталган бирдиктүү жумушчу тобун түзүүнү демилгеледи.


Тараптар жогорудагыдай макулдашуулар улуттар аралык кылмыштар менен күрөшүү, анын ичинде эл аралык терроризм, экстремизм, мыйзамсыз миграция, баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүү жана уюшкан кылмыштуулук боюнча министрлик аралык кызматташууну өркүндөтүү керектигин белгилешти. Жолугушуу жылуу жана достук маанайда өттү.