Бишкек мэриясы муниципалдык мекемелерди электр энергиясы менен камсыз кылуу үчүн жыл сайын бюджеттен 84 млн сом төлөйт. Андан тышкары, мэрия өз каражатына жаӊы электр көмөкчү чордондорун орнотуп, аларды «Түндүк электр» компаниясынын карамагына өткөрүп берет. Ошого карабастан, ал муниципалдык мекемелер пайдаланган электр энергиясы үчүн ири каражат төлөөгө аргасыз болууда.
Бул тууралуу депутат Марат Аманкулов Жогорку Кеӊеш жыйынында билдирди.
«Мисалы, Бишкек мэриясы «Түндүк электр» компаниясына баш-аягы 70 электр көмөкчү чордонун өткөрүп берген. Ал үчүн мэриянын бюджетинен ири каражат чыгымдалды. Демек, ал компаниянын өнүгүшүндө мэриянын дагы кандайдыр бир үлүшү бар. Өкмөт Бишкек мэриясын мамлекеттин үлүшү бар «Түндүк электр» ачык акционердик коомуна акционер катары киргизүү мүмкүнчүлүгүн карап көрүшү керек. Ошондо акыйкаттык орномок», - деди депутат