Эгерде чындап эле өлкөнүн экономикасын өнүктүрөлү десек, Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу комитети менен Улуттук энергохолдинг компаниясын жоюп, Энергетика жана отун ресурстары министрлигин түзүү зарыл. Ага энергокомпаниялардагы мамлекеттин үлүштөрү өткөрүлүп берилсе, андан да жакшы болоор эле.
Бул тууралуу депутат Аида Исмаилова Жогорку Кеӊеш жыйынында билдирди.
«Ушу тапта Улуттук энергохолдинг компаниясы Отун-энергетикалык комлексин жөнгө салуу агенттигине өзүнүн туунду энергокомпанияларынан аласаларын өндүрүп берүү өтүнүчү менен кайрылууда. Ал эми аталган агенттиктин жетекчилиги энергокомпанияларга карыздарынан кутулуу жөнүндө кат жөнөттү. Ушундан эле Улуттук энергохолдинг компаниясы кезинде мыйзамсыз түзүлгөн, иштиктүү аракеттерге жөндөмсүз ашыкча түзүм экени көрүнүп турат», - деди депутат.