Кыргызстанда жыл өткөн сайын кайсы бир органы иштөөдөн чыгып, алмаштырууга муктаж болгон оорулуулар көбөйө баштады. Бул жаатта мамлекеттик деңгээлде иш аракеттер жүрүшү керек. 

 

Мындай пикирин депутат Карамат Орозова парламент жыйынында билдирди. 

 

 

"Мамлекет бул маселени тыкыр көзөмөлгө алып, кыргызстандык дарыгерлерди бул багытта стажировкаларга жиберүү керек. Карапайым эл бул көйгөй менен чет элдик клиникаларга кайрыла албайт, себеби, органдарды алмаштыруу үчүн 60 миӊ АКШ доллардан ашуун каражат талап кылынат", - деди тынчсызданып.